Ошто пробацияда турган жарандарга жардам көрсөтүү маселеси каралды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 63

30-сентябрда Ош шаардык мэриясында Пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму өтүп, пробациялык көзөмөлдөгү жарандардын социалдык абалын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары, кеңештин төрайымы Масуда Айдарбекова алып барды.

Отурумда жарандардын турмуштук көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү, аларга социалдык, медициналык жана материалдык жардам берүү, ошондой эле коомго кайра аралашуусуна шарт түзүү маселелери каралды.Нет описания фото.

Мындан тышкары, буга чейинки отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талданып, көрсөтүлүп жаткан жардамдардын натыйжалуулугу боюнча пикирлер айтылды.

Жыйын соңунда тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети белгиленди.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X