Ошто психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 132

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарында психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштын бети ачылды.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон психотроптук таасирге ээ дары-дармектерди дарыгердин тиешелүү рецептисиз мыйзамсыз сатып жүргөн 2001-жылы туулган Х.Ш.С. аттуу жаран кармалган.

Возможно, это изображение больница и текст "СБНОН МВД"

Шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда психотроптук таасирге ээ болгон «Р» жана «Т» аталышындагы дары-дармектер табылып, алынганы маалымдалды.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X