Ошто шаар куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Куньлунь» курулуш компаниясы» ЖЧКсынын ортосунда Ош шаарында ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев жана инвестор компаниянын өкүлдөрү катышты.

Макулдашууга ылайык, Ош шаарында заманбап «Эне-Сай Сити» турак жай комплекси курулат. Долбоордун алкагында 688ден кем эмес жеке турак үй, бизнес-борборлор, мейманкана, эс алуу зоналары, ошондой эле социалдык жана инженердик инфраструктура объектилери курулары пландалууда.

Долбоор шаарга түз инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана Ош шаарынын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган.

Белгиленгендей, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу Ош шаарынын экономикалык потенциалын кеңейтүүгө, заманбап шаардык чөйрөнү калыптандырууга жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X