Ошто шахматчылардын Азия чемпионаты өтөт

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 207

Ош шаарында 15–25-октябрда сеньорлор арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты биринчи жолу өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мелдешке Азия өлкөлөрүнөн 50+ жана 65+ жаш категорияларындагы шахматчылар катышат. Алардын арасында эл аралык гроссмейстерлер жана чеберлер, өлкө чемпиондору, ошондой эле шахмат олимпиадаларына катышкан спортчулар бар.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 4 миң долларды түзөт.

Мелдеш Кыргызстанда сеньорлор арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты биринчи жолу өтүп жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Аны өткөрүү кыргыз шахматынын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга жана Ош шаарын ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү шаар катары таанытууга өбөлгө түзөт.

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 207
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X