Ошто Шавкат Рахмондун 75 жылдыгына арналган салтанат өттү
Ошто Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында көрүнүктүү өзбек акыны Шавкат Рахмондун 75 жылдык мааракесине арналган адабий-маданий кече өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Салтанатка Арслан Койчиев, Жанар Акаев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, ошондой эле Өзбекстан Жазуучулар союзунун өкүлдөрү — сенаторлор Минхожиддин Хожиматов, Гайрат Мажидов, эл акыны Усмон Азим жана акындын жубайы Манзура Рахмонова катышты.
Иш-чаранын алкагында адабият таануучулар, басма сөз өкүлдөрү жана чыгармачыл интеллигенция мүчөлөрү акындын чыгармачылыгын талкуулап, анын мурасын изилдөө жана жайылтуу маселелерине токтолушту.
Салтанатта Шавкат Рахмондун өмүр жолу, чыгармачылык мурасы жана түрк дүйнөсүнүн адабиятына кошкон салымы өзгөчө белгиленди. Анын поэзиясынан үзүндүлөр окулуп, замандаш адабияттагы орду тууралуу баяндамалар жасалды.
Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара акынга болгон урмат-сыйдын белгиси гана болбостон, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы маданий жана адабий кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошту.