Ошто төрт эм төрөлдү
Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Ош облусунда төрт эм төрөлдү.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну 32-жумасында кесарево жолу менен төрөгөн. Бул анын биринчи төрөтү болгон.
Дарыгерлердин айтымында, наристелердин салмагы: кыз — 1830 г, уул — 1815 г, кыз — 1520 г жана кыз — 1500 г.
Оорукананын директору Атабек Жумалиев билдиргендей, учурда эненин да, ымыркайлардын да абалы канааттандыраарлык. Эне жана ымыркайлар 23-март күнү үйүнө чыгарылат.