Ошто таштанды чыгаруу системасы жаңыланууда

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Ош шаарында таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу жана абоненттик базаны кеңейтүү боюнча иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөновдун жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда шаардын санитардык абалы, таштанды чыгаруу кызматынын сапаты жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө маселелери талкууланды.

Шаар мэри учурда расмий катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок Ош шаарында жашаган тургундардын реалдуу саны мындан көп экенин белгиледи. Ал сентябрь айынын аягына чейин абоненттердин санын 425 миңге жеткирүү тапшырмасын койду.

«Тазалык кызматы көрсөтүлсө, анын акысы өз убагында төлөнүшү керек. Бул шаарды таза кармоонун негизги шарттарынын бири», — деди Жанарбек Акаев.

«Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Жылдызбек Көчкөнов айрым көп кабаттуу үйлөрдө жашоочулардын саны толук көрсөтүлбөгөн учурлар бар экенин айтып, учурда абоненттик базаны тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, дебитордук карыздарды азайтуу боюнча чаралар күчөтүлүүдө. Карызы бар жарандарга эскертүүлөр берилип, үч айдан ашык төлөм жүргүзбөгөн жана 5 миң сомдон жогору карызы бар абоненттерге карата сот аркылуу өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ишкана жыл соңуна чейин дебитордук карыздын көлөмүн 5 млн сомго чейин кыскартууну пландап жатат.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X