Ошто таштандыдан электр энергиясын өндүрө турган завод курулууда

28-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 177

Ош шаарында бүгүн инфраструктураны жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү иштер көрсөтүлдү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана депутаттар жаңыланган жолдордун ачылышына катышып, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты.

18 гектар аянтты ээлеген заводдун негизги курулуш иштери учурда кызуу жүрүүдө. Объекттин имараттарынын жалпы аянты 27 миң чарчы метрди түзөт.Нет описания фото.

Ишкана ишке кирсе, таштанды сорттолуп, зыянсыздандырылат. Мындан тышкары, электр энергиясы өндүрүлүп, жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X