Ошто таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган завод курулууда
Ош шаарында таштанды маселесин чечүүгө багытталган ири долбоордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Шаарда таштандыны кайра иштетип, андан электр энергиясын өндүрө турган заманбап завод курулууда.
Объектинин курулушунун жүрүшүнө буга чейин шаар мэри Жанарбек Акаев бир нече ирет барып, жеринде аткарылып жаткан иштер менен таанышкан.
Заводду кытайлык «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы куруп жатат. Ишкана толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны, ал эми суткасына 800 тоннадан ашык калдыктарды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кайра иштетүү процессинде электр энергиясы да өндүрүлөт.
Учурда курулуш иштери объектинин бардык блокторунда уланууда. Жеринде 200гө жакын куруучу эмгектенип, заводдун негизги бөлүктөрүн тургузуу жана монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор ишке кирсе, Ош шаарындагы таштандыны топтоо жана чыгаруу көйгөйүн чечүүгө олуттуу өбөлгө түзүлөт. Мындан тышкары, калдыктарды кайра иштетүү аркылуу айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтып, шаар үчүн экологиялык жактан маанилүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Курулуштун кызуу жүрүшү менен заводдун ишке кирүү мөөнөтү жакындаган сайын Ошто таштанды маселесин жаңыча чечүүгө багытталган ири кадам ишке ашууда.