Ошто туризмге жаңы дем: «Rayan» мейманканасы ишке кирди
Ош шаарында заманбап «Rayan» мейманканасы ишке берилди.
8 кабаттуу мейманкана коноктор үчүн бардык шарттар менен жабдылып, анда ыңгайлуу бөлмөлөр, конференц-зал, ресторан жана эс алуу жайлары каралган.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, жаңы долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мэрдин айтымында, акыркы жылдары Ошко инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү багытында иштер күчөдү. «Rayan» мейманканасы шаардагы жаңы инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат.
Жаңы мейманкананын ачылышы менен кошумча жумуш орундарын түзүү жана шаардагы кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү күтүлүүдө.