Ошто үч жаңы оорукана курулуп жатат
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова Ош облусундагы медициналык мекемелердин курулушу менен таанышты.

Ал Ош шаардык клиникалык ооруканасынын 300 орундуу жаңы имаратынын курулушун көрдү. Үч кабаттуу имараттын курулуш иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Өзгөн районундагы 350 орундуу жаңы оорукананын курулушу жана Кара-Кулжадагы 100 орундуу оорукананын долбоору менен таанышты.

Депутат курулуш менен гана чектелбестен, ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо, адистердин шартын жакшыртуу жана медициналык кызматтын сапатын көтөрүү зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, сапаттуу медициналык жардам борбор калаада гана эмес, райондордо да жеткиликтүү болушу керек.