Ошто үй-бүлө канализациялык сууларды Ак-Буура дарыясына мыйзамсыз агызган
2026-жылдын 3-июнунда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан Водозаборная көчөсүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар тургундар канализациялык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга мыйзамсыз агызганы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.
Муниципалдык инспекция тарабынан тургундар арасында экологиялык талаптарды сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын булгануудан сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ош шаарынын мэриясы жарандарды экологиялык нормаларды так сактоого чакырып, мындай мыйзам бузууларга карата көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.