Ошто үйү “снос” болгон жарандарга жер берилет
Ош шаарында үйү жана имараты буздурулган жарандарга компенсация катары жер берүү үчүн 53 гектар аймак трансформацияланууда. Бул тууралуу 12-майда эл менен жолугушууда Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Анын айтымында, учурда жерлерди бириктирүү жана тиешелүү документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. 53 гектар жер трансформацияга жөнөтүлүп, процесс жакынкы эки ай ичинде аяктайт деп күтүлүүдө.
Вице-мэрдин белгилешинче, андан соң үйү буздурулган жарандардын мүлкү мыйзам чегинде бааланып, аларга жер тилкелери бөлүнүп берилет.
“Эч бир “снос” кайтарымсыз калбайт, орду толукталат”, — деди ал.
Жолугушууда шаардагы каналдардын жээктерин тосуу маселеси дагы көтөрүлдү. Шумкарбек Пайзиев мэрия Ош шаарын аралап өткөн тогуз каналды өз карамагына өткөрүү боюнча өкмөткө кайрылганын айтты.
Анын сөзүнө караганда, бул маселе чечилгенден кийин каналдардын жээктерин тосуу жана ирээтке келтирүү иштери башталат.