Ош шаарында эки ай мурда башталган «Унаасыз бир күн – велосипед менен жумушка» челленджинин жеңүүчүлөрү бүгүн, 7-октябрда сыйланды.
Сынактын алкагында катышуучулар күн сайын велосипед менен жумушка барып, видеолорун тартып турушкан. Демилге шаар тургундарын сергек жашоого жана ден соолукту чыңдоого үндөөгө багытталган.