Ошто Увам каналынын жээгине заманбап сквер курулат

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 106

Ош шаарын аралап өткөн Увам каналынын жээгинде, «Макском» соода борборунун артындагы аймакта жаңы заманбап сквер курулат. Бул жерге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев барып, долбоор ишке ашырыла турган аймак менен таанышты.

Жаңы эс алуу жайы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында курулат. Сквер суу корук зонасында жайгашкан турак жайлардын ордуна уюштурулуп, шаар тургундары үчүн коопсуз, жашыл жана көрктүү коомдук мейкиндикке айландырылат.

Долбоордо жөө адамдар үчүн сейилдөө жолдору, көлөкөлүү жашыл аймактар, эс алуучу отургучтар, заманбап жарыктандыруу жана шаардык эс алуу инфраструктурасы каралган.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев акыркы жылдары шаарда көп кабаттуу турак жайлардын саны өсүп жатканын белгилеп, жашоочулар үчүн жаңы парктарды жана скверлерди көбөйтүү муниципалитеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X