Ошто жаңы айланма жол курулууда
Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Г. Айтиев жана А. Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол курулуп жатат.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоор боюнча А. Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралган. Ал эми Г. Айтиев көчөсү Б. Осмонов көчөсү тарапка кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт.
Мындан тышкары, Көкүмбий көчөсү да толугу менен кайра курулуп, 6 тилкелүү жолго айланууда.
Жаңы альтернативдүү багыт катары Кочконов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле Кочконов жана Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы долбоордук көчөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул көчө бир тарабы менен Айтиев көчөсүнө, экинчи тарабы менен Навои көчөсүнө чыгат.
Долбоордун жыйынтыгында үч тараптуу айланма жол түзүлүп, шаар ичиндеги унаа агымын жөнгө салууга жана жол тыгындарын азайтууга шарт түзүлөт. Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзөт.