Ошто жаңы окуу жылына даярдык боюнча ири методикалык семинар башталды
Бүгүн, 4-августта, Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүгө арналган республикалык методикалык семинар өз ишин баштады.
Төрт күнгө созула турган семинар 7-августка чейин өтүп, ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан жалпы 256 тренер катышууда.
Семинардын катышуучулары — Агартуу министрлигине караштуу Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин методист-адистери.
Окутуунун жүрүшүндө алар жаңы окуу жылындагы билим берүү процессиндеги жаңыланууларды, методикалык ыкмаларды жана окутуудагы акыркы өзгөрүүлөрдү талкуулашат. Семинардан кийин тренерлер аймактардагы мектеп мугалимдери үчүн окутууларды өткөрүп, жаңы окуу жылына байланыштуу методикалык сунуштарды жеткирип, практикалык даярдык иштерин жүргүзүшөт.