Ошто жаңы суу алуучу курулманын курулушу уланууда
Ош шаарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган долбоордун алкагында Ак-Буура дарыясынын Данги тилкесинде жаңы суу алуучу курулманын курулушу уланууда.
Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында жаңы суу алуучу курулма жана Төлөйкөн айылына чейин 4,8 чакырымдык эки магистралдык суу түтүгү курулууда.
Учурда биринчи линия боюнча негизги иштер аяктап, объектти 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми экинчи линиянын курулушун улантуу үчүн кошумча каржылоо маселеси каралып жатат.
Долбоор ишке киргенден кийин Ош шаарынын тургундарын таза жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кыйла жакшырат.