Ошто жаңы тест борбору ачылды
Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы жалпы билим берүү мектебинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борбору өз ишин баштады.
Жаңы борбор окуучулардын билим жетишкендиктерин заманбап талаптарга ылайык баалоого, тестирлөө процессин ачык-айкын, ыңгайлуу жана сапаттуу уюштурууга багытталган.
Борбордун ачылышы — Ош шаарындагы билим берүү тармагын санариптештирүү жана окуучулардын билим деңгээлин баалоо системасын өркүндөтүү багытындагы маанилүү кадам. Заманбап шарттар менен жабдылган борбордо тестирлөө иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө жана билимди баалоонун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жаңы тест борбору окуучулардын билим сапатын объективдүү аныктоого, баалоо процессинин ачыктыгын камсыздоого жана билим берүү тармагында заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.