Ошто жаштар шаарды өнүктүрүү боюнча сунуштарын беришти
Ош шаарындагы Жаштар хабында «Ош — жаштардын көзү менен» аттуу ачык диалог өттү. Ага мэр Жанарбек Акаев, Европа Биримдигинин элчиси Реми Дюфло жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа катышты.
Жаштар коомдук транспорт, жол, коопсуздук, тазалык, эс алуу жайлары жана спорт боюнча сунуштарын айтып, мэрге түз суроолорун беришти. Ошондой эле «Эгер мен мэр болсом…» форматында шаарды өнүктүрүү боюнча идеяларын сунушташты.
Жанарбек Акаев жаштардын демилгелерин колдоо жана алар үчүн жаңы аянтчаларды көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Иш-чара жаштардын үнүн угууга жана бийлик менен ачык диалогду күчөтүүгө багытталды.