Ошто Жекелик каналынын корук зонасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 180

Ош шаарында Жекелик каналынын корук зонасын тазалоо жана аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин каналдын жээгинде мыйзамсыз курулуштар орун алып, суунун эркин агышына тоскоолдуктар жаралган.

Учурда тазалоо иштерине 4 атайын техника тартылып, каналдын жээгин бошотуу жана аймакты иретке келтирүү иштери аткарылууда. Мэрия мындай иштер суу коопсуздугун камсыздоо жана аймакты жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X