Ошто жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталып, 3 кылмыш иши козголду
Ош шаардык прокуратурасы жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясы мыйзамда каралган ыйгарым укугу жок болсо да, кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурагын казып алууга укук берүүчү 33 күбөлүктү мыйзамсыз бергени белгилүү болду.
Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма токтомдордун негизинде жайыт жерлерин жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп берип, мамлекетке 78 миллион 600 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргени аныкталган.
Ошондой эле, Ош–Ноокат автожолунун боюнда иш жүргүзгөн айрым ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн тилкелерден тышкары кум-шагыл казып алышып, анын кесепетинен жер кыртышынын бузулушуна жол беришкен.
Аталган фактылар боюнча Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен үч кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Мындан сырткары, мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу, бузулган жерлерди рекультивациялоо, ошондой эле тиешелүү лицензияларды кайтарып алуу боюнча Ош шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине прокурордук сунуштамалар киргизилип, алар кароо баскычында.