Ошто жер маселеси талкууланды. Мыйзам талаптарын сактоо боюнча көзөмөл күчөтүлөт

18-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 218

Ош шаардык прокуратурасынын сунушунун негизинде жер мунапысын ишке ашыруу маселеси боюнча комиссиянын кеңейтилген отуруму өттү.

Жыйында документтери толук даяр боло элек жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо, материалдарды мамлекеттик комиссияга өз убагында жөнөтүү жана документтештирүү иштерин тездетүү маселелери талкууланды.

Жооптуу органдарга мыйзам талаптарын так сактоо, ар бир арызга укуктук баа берүү жана мыйзам бузуулар аныкталса тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Отурумдун жыйынтыгында жер мунапысын жүргүзүү иштерин координациялоо, жарандардын кайрылууларын мөөнөтүндө кароо жана документтерди өз убагында жөнөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X