Ошто жол боюндагы 25 мыйзамсыз соода жана тейлөө жайы аныкталды

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 114

Ош облусунда жол жээктерине мыйзамсыз жайгашкан соода жана тейлөө объектилерине көзөмөл күчөтүлдү. Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Бишкек–Ош жана Өзгөн–Кара-Кулжа унаа жолдорунун боюнда текшерүү жүргүзүлдү.Нет описания фото.

Анын жүрүшүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектиси аныкталды.

Алардын арасында:

  • 11 жеңил типтеги дүкөн;
  • 5 чарбалык товарлар дүкөнү;
  • 6 тез тамактануучу жай;
  • 3 чач тарач бар.Возможно, это изображение текст

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга чара көрүлүп, объектилерди мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жол боюнда соода жана тейлөө объектилерин жайгаштырууда мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин жана техникалык регламенттерди так сактоого чакырды.

18-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X