Ошто жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы жер алдындагы өтмөк курулууда

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 165

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ы. Монуев жана Памир көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулуш аянтчасына барып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Курулушту жеринен көргөн шаар башчысы жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал курулуш иштеринин жүрүшүндө жол кыймылынын үзгүлтүксүз уюштурулушун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X