Ошто жылына 2 млн көчөт өстүрө турган жаңы күнөскана ишке берилди
Ош шаарында «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы үчүн жаңы заманбап күнөскана комплекси пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жаңы комплекс мурдагы эски бассейндин ордуна курулуп, иштери 2026-жылдын январында башталып, сентябрда аяктаган. Жалпы аянты 5 миң 800 чарчы метрди түзөт. Анын ичинде 2 815 чарчы метрлик күнөскана жана 123 чарчы метрлик тиричилик имараты бар.
Күнөскана автоматташтырылган сугаруу, желдетүү, жылытуу жана климаттык көзөмөл системалары менен жабдылган. Ошондой эле 700 кВт кубаттуулуктагы откана, 200 куб метрлик суу резервуары жана электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда колдонулуучу 150 кВт генератор орнотулган.
Комплекс жылына 2 млн даанага чейин көчөт өстүрүүгө ылайыкталган. Бул жерде өстүрүлгөн гүлдөр жана көчөттөр Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине пайдаланылат.
Жаңы күнөскананын ишке кириши шаарды жашылдандырууга керектүү көчөттөрдү жергиликтүү шартта өстүрүүгө жана муниципалдык ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жол ачат.