Оштогу аэропорттун бажы кызматкерлеринин жашыруун кылмышы — ВИДЕО

25-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 41

«Манас эл аралык аэропорту» ААКтын Ош шаарындагы филиалынын бажы кызматкерлери Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоо менен пара опузалап жүрүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) менен К.С.Ш. (аял киши) кармалып, УКМК абагына киргизилди. Ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

25-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X