Оштун 3021 жылдыгы белгиленет
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Калаа болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген. Бул жолу да майрам 5-октябрда белгиленет.
Мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады болот. Жөө жүрүш саат 09:30да башталып, концерттик программа менен коштолот. Кечки саат 19:00дөн баштап чоң программадагы гала-концерт болот.