Оштун мэри тургундардын көйгөйлөрүн жеринен көрдү
«Эмаком» курулуш компаниясы салган көп кабаттуу үйдүн тургундары Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевге кайрылып, бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты.
Кайрылуудан кийин калаа башчысы үйгө барып, абалды жеринен көрдү. Тургундар үйдүн айланасын ирээтке келтирүү, балдар аянтчасын куруу, жылуулук маселесин чечүү жана техникалык паспорт алуу зарылдыгын айтышты.
Жанарбек Акаев тиешелүү жетекчилерге ар бир маселе боюнча так тапшырма берип, аларды кыска мөөнөттө чечүүнү милдеттендирди. Ошондой эле тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын айтып, маселелерди создуктурбай чечип, жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.