Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич 28.09.202128.09.2021 Кичи мекени:Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы. Туулган жылы:1956-жыл, 21-январь. Билими: Жогорку.Ош педагогикалык институтун 1977-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, “орто мектептин физика мугалими” адистигине ээ болгон.1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүндө окуган. Аспиранттык мөөнөтүн Эстониянын Тарту университетинде 3 жылдык илимий командировка катары өтөгөн. Эмгек ишмердүүлүгү:Эмгек жолун 1977-жылы орто мектептин физика мугалими катары баштаган.1979-1992-жылдары Ош пединститунун эксперименталдык жана теоретикалык физика кафедрасында лаборант, ага лаборант, окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп эмгектенген.1992-1994-жылдары Кыргыз Улуттук университетинин физика кафедрасында доцент болуп иштеген.1994-2002-жылдары “Дастан” Технологиялык Университетин жаңыдан түзүп, анын ректору болгон.2002-2005-жылдары Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Илим жана интеллектуалдык менчик агенттигинин директорунун илим боюнча орун басары.1994 — жылдан 1999-жылга чейин Бишкек шаардык Кеңешине 1-Май району боюнча альтернативдик негизде депутат болуп шайланган. 1-Май аймактык депутаттар тобун жетектеген.2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатынын министринин орун басары болуп эмгектенген.2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болгон.2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору.2010-жылдын октябрь айында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт Комитетин жетектеген.100 дөн ашуун илимий жана илимий-педагогикалык макалалардын жана эмгектердин автору.“Илим жана Турмуш” илимий-популярдуу теле-жана радиоберүүлөрдүн автору жана алып баруучусу (2012-жылдан бери карай).2015-2021-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин физика кафедрасынын профессору болуп эмгектенген.2021-жылдын 15-февралынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, ал эми 2021-жылдын 6-майынан Министрлер кабинетинин Төрагасынын Кеңешчиси болуп эмгектенген. Сыйлыктары:Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1999).Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги (2013).Физика-математика илимдеринин доктору (2000).Физиканын профессору (2001).Эл аралык кадрлар академиясынын корреспондент-мүчөсү, Киев ш. (1999).Мамлекеттик кызматтын II класстагы Мамлекеттик Кеңешчиси (2007).Евроазиялык Патентттик уюмунун Алтын медалынын ээси (2014). Байланышуу үчүн: Электрондук дарек: Мобилдик телефон: +996 557 24-37-37 (WhatsApp) Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation. Пример HTML-страницы