Осмонкулов көчөсүндөгү аныкталган кемчиликтер жоюлмайынча жол кабыл алынбайт
Бишкектеги Осмонкулов көчөсүнүн 1 370 метрлик тилкесинде капиталдык оңдоо иштери аяктоо стадиясына жетти. Учурда жол, тротуар, люк жана арыктар боюнча иштер жыйынтыкталып жатат.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, объектти оңдоо иштерин «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Жол азырынча расмий кабыл алына элек.
Подрядчыга жол боюндагы люкту кайра жасоо жана департамент аныктаган башка кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар берилген. Ал эми арыктар долбоорго ылайык курулуп, айрым тилкелерде суунун өтүшүн камсыз кылуу үчүн жер алдынан түтүктөр орнотулган.
Бардык кемчиликтер жоюлуп, талаптар толук аткарылгандан кийин гана объектти расмий кабыл алуу маселеси каралат.