Өзбекстан 16 жашка чейинкилер үчүн социалдык тармактарды чектөөнү карап жатат

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 230

Өзбекстандын бийлиги 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна мыйзамдык чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Эъзозхон Каримова билдирди.

Министрдин айтымында, учурда тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана аны коомдук талкууга чыгаруу маселеси депутаттар жана сенаторлор менен бирге талкууланууда.

«Биз бул маселени карап жатабыз. Мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарууну пландап жатабыз. Мындай тартип бизде да болушу керек деп эсептейм», — деди Каримова.

Анын белгилешинче, балдардан телефонду толугу менен алып салуу мүмкүн эмес, бирок аны туура пайдалануу маданиятын калыптандыруу маанилүү. Ошондой эле мектептерде окуучулар сабакка кирерде телефондорун тапшырышы керек деген тартип буга чейин эле иштеп жатканын кошумчалады.

Каримованын айтымында, жаңы демилге балдардын социалдык тармактарды колдонушун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган.

Ушуга окшош чектөөлөр дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да талкууланып же ишке ашырылган. Мисалы, Улуу Британияда 16 жашка чейинкилер үчүн социалдык тармактарга тыюу салуу сунушталууда. Бириккен Араб Эмираттарында 15 жашка чейинкилерге аккаунт ачууга тыюу салган чечим кабыл алынган. Түркияда да ушундай эрежелер колдонулат.

Ал эми Австралия дүйнөдө биринчи болуп балдардын социалдык тармактарды колдонушуна улуттук деңгээлде чектөө киргизген өлкө катары белгилүү.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 230
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X