Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.