Өзгөчө балдарга жардам көрсөтүүдө Жапониянын тажрыйбасы колдонулат

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 124

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Морооко Такааки менен жолугушуп, өзгөчө муктаждыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү багытындагы кызматташтыкты талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө аутизм, Даун синдрому жана ДЦП менен жашаган балдарга медициналык жардам көрсөтүү, реабилитациялык борборлордун ишин жакшыртуу жана бул тармакты өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

Тараптар JICAнын колдоосу менен тажрыйбалуу адистерди тартуу, заманбап ыкмаларды киргизүү жана реабилитация багытында жапон адистеринин тажрыйбасын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууга Чүй облусунун Москва районундагы балдар реабилитациялык борборунун өкүлдөрү да катышып, учурдагы көйгөйлөр, жетишкендиктер жана келечектеги долбоорлор боюнча өз сунуштарын айтышты.

Тараптар өзгөчө балдар үчүн сапаттуу медициналык жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүдө мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

3-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 124
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X