Өзгөчө корголуучу аймактарда мототранспорттун кыймылы чектелди

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Кыргызстанда айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, жаңы чаралар экосистемаларды сактоо, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын алдын алуу жана парктык-пляждык аймактарга терс таасирди азайтуу максатында кабыл алынды.

Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү аймактарда чектөө коюлат:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
  • парктык-пляждык зоналарда;
  • жайыттарда.

Ошол эле учурда документте бул чектөөлөр автомобиль жолдорундагы кыймылга тиешеси жок экени белгиленген. Мындан тышкары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды мыйзам чегинде уюштурууга уруксат берилет.

Токтом мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө иштерин жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө да тоскоолдук жаратпай турганы айтылды.

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X