Өзгөндө айыпталуучу соттон качып, кайра кармалды
2026-жылдын 29-май күнү Ош облусунун Өзгөн районунда сот имаратынан качып кеткен айыпталуучу ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кармалды.
Маалыматка ылайык, саат 14:50 чамасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн райондук сот имаратынан айыпталуучу качып кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.
Белгилүү болгондой, Өзгөн РИИБинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен айыпталган, 1992-жылы туулган М.М. аттуу жаранды сотко алып келишкен. Болжол менен саат 14:20 чамасында ал ажатканага кирип, ошол жерден из жашырып кеткен.
Окуядан кийин дароо Ош ОИИБ тарабынан 130дан ашуун кызматкер көтөрүлүп, “Сирена” планы ишке киргизилген. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жана “Коопсуз өлкө” долбоорунун байкоо камераларынын жардамы менен качып кеткен айыпталуучу көп узабай кармалган.
Учурда окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.