Өзгөндө опузалап акча талап кылган пробациядагы жаран кармалды
Өзгөн районунда мурда кылмыш жасап, сот жообуна тартылган жана учурда пробация органынын көзөмөлүндө турган жаран опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 20-августунда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган И.З. аттуу жаран Н.Х. аттуу жарандын автоунаада аял киши менен отурган учурун видеого тартып алып, видеону өчүрүп салуу үчүн андан акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйналган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси — опузалап талап кылуу боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Н.Х. аттуу жарандан видеотасманы өчүрүп салуу үчүн 20 миң сом талап кылганы аныкталган.
Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 22-августта И.З. талап кылган акчанын 15 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Белгилей кетсек, шектүү буга чейин кылмыш жасап, сот жообуна тартылган жана учурда пробация органынын көзөмөлүндө болгон.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.