Өзгөндө уруксатсыз курулган объект соттун чечими менен буздурулду

24-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл иштерин жүргүзүүдө.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасында курулуш материалдарын сатуу үчүн объект мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталган.

Бул объект боюнча буга чейин, 2025-жылы, куруучу тарапка У.А.га карата башкармалык тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, эскертүү берилген. Ошондой эле 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган. Бирок коюлган талаптар аткарылган эмес.

Мындан улам Ош региондук башкармалыгы сот органдарына доо арыз менен кайрылган. Соттун мыйзамдуу чечиминин негизинде аталган объект буздурулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандарды жана уюмдарды курулуш иштерин баштоодон мурда бардык тийиштүү уруксат берүүчү документтерди алууга, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X