Пафостуу трибуналарга байланбаган талант
Кыргыз адабиятынын тарыхы көрсөткөндөй, чыныгы поэтикалык нарк-насил менен жүрөк тандаган терең сулуулук эч качан борбордогу атак-даңк же пафостуу трибуналар менен чектелген эмес. Тескерисинче, адабияттын эң таза, жасалмасыз, мөлтүр тунук булактары көбүнчө провинциянын жымжырттыгында, жаратылыш менен табигый ширелишкен айыл кыртышынан өсүп чыкканына күбө болуп келебиз. Өзгөн районунун Саламалик айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенип, агартуучулук менен катар сөз өнөрүн кастарлаган акын кызыбыз Тахмина Эсеналиеванын поэзиясы дал ушундай табигый, нукура эстетиканын жаркын далили болуп турат.
Анын калеминен жаралган ырларды барактаган адам эң оболу жөнөкөй форманын артында катылган терең философиялык ойлорду, кылдат подтексттерди жана күтүүсүз, балшимүүрдөй ширелүү метафораларды кезиктирет. Анын ырлары жөн гана уйкаштык кубалоо же сырткы кооздукту сүрөттөө эмес, дүйнөнү, адамдын ички сырын, турмуштун татаал кубулуштарын жан дүйнө чыпкасынан өткөргөн чыныгы сүрөткерлик назик туюм. Акындын ар бир сабында айылдын тунук абасы, тоолордун сүрү, ошол эле учурда адам болмушунун түбөлүктүү суроолору чагылдырылган.
Тилекке каршы, бүгүнкү борбордук адабий чөйрөнү басып алган, пиар менен атак-даңк эңсөөнүн көлөкөсүндө жүрүп, жасалма сыйлык, наамдарга басылып чыга албай тебеленген айрым халтурщик жазмакерлердин техникалык сомдоого салып үстүртөн жазылган ырларынын жанында Тахмина Эсеналиеванын чыгармачылыгы өзүнүн бийиктиги, тазалыгы менен кескин айырмаланып турат. Борбордогу формалдуу наамдарды, адабий кландарды жана жасалма атакты ээлеп алгандар көп учурда поэзиянын негизги затын чыныгы сезимди жана терең маанини жоготуп алышкан. Алардын жазгандары сырттан караганда кооз көрүнгөнү менен, ичи көңдөй, кургак сөздөрдүн тизмегине айланып баратканы байкалууда. (Алар жөнүндө өзүнчө сөз болот. Б. А.)
Ал эми Саламаликте, тоо койнунда жашап, мугалимдик ыйык кесипти аркалаган Тахмина сыяктуу провинциялык таланттар сахналык пафостон алыс, күнүмдүк атак-даңктын артынан чуркабай, поэзиянын нукура миссиясын сактап келишет. Провинция – географиялык четтөө эмес, рухий тазалыктын, табигый калыптануунун жана терең ойчулдуктун башкы мекени. Өзгөндүн тоолуу айылынан чыккан бул таза үн азыркы кыргыз поэзиясындагы нукура рухий эстетиканын кайрадан жаралуусуна өбөлгө боло турган чоң потенциал экенин эстей жүргөнүбүз ашыкча болбойт. Тахмина Эсеналиеванын чыгармачылыгы – провинциялык чыныгы талант ар дайым борбордук жасалмалуулуктан алда канча бийик турарын айгинелеп турат. Келиңиз урматтуу окурман Тахмина Эсеналиеванын ырларына чогуу саресеп салып көрөлү:
Акын кызыбыздын “Тоюм өттү Ак деңиздин боюнда” деген ыры реалдуулук менен чындыкта болушу мүмкүн болбогон, адамдын кыялынан, түшүнөн же фантазиясынан гана жаралган аң-сезимдеги сыйкырдуу, таң калыштуу, кубулма, элестүү көрүнүштөрдүн, физикалык аралык менен дилдеги жакындыктын чек арасында жаралган, ички психологизми терең, экзистенциалдык драмага бай чыгарма. Ырдын эстетикалык наркы менен көркөм концепциясын ачуу үчүн ырдын концептуалдык саптарына биргеликте аналитикалык саресеп салып көрөлү:
“Жай сызылып кыяк күүсү алыстан,
Жагымдуу бир кыялдарга азгырат…” Чыгарма эстутумду ачуучу акустикалык импульстуу “кыяк күүсү” менен башталат. Кыргыз улуттук поэзиясында кыяк күүсү муң-зардын, сырдуулук менен өткөндү эскерип кайрылуунун символу. Автор угуу, көрүү туюму аркылуу иллюзордук үлпөт тойду окурман сезиминде ойготот. Бул жердеги “азгырат” сөзү кийинки сүрөттөлө турган “Ак деңиздеги тойдун” реалдуу эмес, лирикалык каармандын эс-акылын азгырган, эңсеген элестүү дүйнөсү экенинен кабар берген ачкыч-сөз.
“Тоюм өттү, Ак деңиздин боюнда,
Толкундардын шоокумуна магдырап…” “Ак деңиз” тоо, өрөөн сыяктуу салттуу кыргыз пейзажына карама-каршы коюлган эркиндиктин, аруулуктун, тазалыктын абсолюттук мейкиндиги. “Толкундардын шоокумуна магдыроо,” сүйүүнүн эң жогорку фазасындагы жан дүйнөнүн толук тынчтыкта гипноздук бактылуулукка чейин көтөрүлгөнүн билдирет.
“Шаң-шөкөтсүз, дос-туугансыз жөнөкөй,
Шар байладык арабага жупуну…” бул саптар салттуу ызы-чуулуу үлпөт тойлорго жарыяланган поэтикалык галба – бунт. “Дос-туугансыз” калуу сүйүүнүн интимдүүлүгүн – эки адамдын ортосундагы эң терең, тунук, жашыруун, башка эч ким аралаша албаган купуя, ички жакындыкты, эки гана адамдан турган ааламды даңазалайт. Ал эми “заманбап лимузиндин” ордуна “жупуну ат арабага шар байлоо” сулуулуктун салтанаты жасалма байлыкта эмес, сезимдин тазалыгында экенин көрсөткөн метафоралык деталь.
“Так көтөрүп, эринимден таттуу өптүң,
Кереметтүү, сыйкырдуу түш соңунда…” Ырдын биринчи жарымынын трагедиялуу чечилиши ушул жерде жатат. Акын окурманды реалдуу бакытка ишендирип келип, “түш соңунда” деген акыркы штрих менен бардык бактылуу көрүнүштү элеске айландырат. Бул деталь кубаныч менен өкүнүчтүн чек арасы.
“Бизде жамгыр, тоолор башын кар чалып…
Мен окшошуп мына ушул асманга,
Жымжырт дүйнөм турат ырга төгүлбөй…”
Чыгарманын эң кубаттуу, жогорку аналитикалык баага татыктуу жери ушул
строфа. Географиялык да, эмоционалдык да контраст жылуу, ачык, эркин, мейкиндикти ээлеген “Ак деңизден” кескин түрдө муздак, тумандуу, “жамгырлуу, башын кар чалган тоолорго” өтүү каармандын азыркы реалдуу абалын берет. Акын ыр жазып жатып, “Мен окшошуп мына ушул асманга, Жымжырт дүйнөм турат ырга төгүлбөй…” дейт. Бул сөзгө сыйбаган, тилдин мүмкүнчүлүгүнөн да ашып түшкөн ички букту, арманды жана сүйлөй албаган экзистенциалдык жалгыздыкты туюнтат.
“Акылымдан сурабай да, бербей кеп,
Неге сени сүйдүм экен мынчалык?..” Бул сапта классикалык романтизмдин негизги философиясы жатат. Сүйүү логикага, акылга баш ийбеген иррационалдуу кубулуш. Лирикалык каарман өз тагдырына, акылына каршы барып сүйгөнүн мойнуна алат.
“Каткырышкан быйтыкчалар күлкүлүү,
Сени эстетип салып турат эсиме…” Бул жердеги “быйтыкчалар” сүйүктүүсүнүн жүзүндөгү, ууртундагы назик, күлгөндө түшө турган уячалар же күлкү сызыктары. Автор чоң трагедияны эмес, дал ушундай кичинекей, интимдик деталды эстөө аркылуу сүйүүнүн канчалык жандуу жана унутулгус экенин көрсөтөт. Жүзүндөгү жылуу “быйтыкчалар” бүгүнкү тумандуу, муздак реалдуулукка каршы коюлган жалгыз жылуулук булагы. Ырдын эң акыркы строфасында тумандуу пейзаждын кайталанышы, каармандын түш сыяктуу таттуу кыялдан ойгонуп, кайрадан өзүнүн өзгөрбөс, муздак, тумандуу, жымжырт реалдуулугунда калганын билдирет.
Бул композициялык шакекче трагедиялуу туюктукту түзөт. Кыял өттү, бирок сүйүү менен жымжырт арман жүрөктө сакталып кала берди. Автордун “Тоюм өттү Ак деңиздин боюнда” ыры текстик деңгээлде жөнөкөй окулганы менен, подтексттик деңгээлде ички таасирди, көз ирмемдик маанайды, назик сезимдерди сүрөттөгөн терең импрессионизм менен психологизмге сугарылган. Чыгарма жетүүгө мүмкүн болбогон бакытты эңсөө аркылуу адам өз жан дүйнөсүндө канчалык аруу, бийик жана муңдуу ааламды жарата аларын далилдеген кыргыз лирикасынын эмоционалдык эстеликтеринин бири. Психологиялык жактан абдан таасирдүү, сүрөттөөлөрү элестүү, окурмандын жүрөгүнө дароо жете турган лирикалык шедевр деп айтууга негиз бар.
Акындын “Мен бүгүн ыр баштадым” деген ыры сүйүүнүн, поэтикалык туюм-сезимдин, чыгармачылык эргүүнүн айкалышынан жаралган назик, сырдашуу мүнөзүндөгү ары терең, ары тунук демдүү лирикалык чыгарма.
1-строфа
«Мен бүгүн ыр баштадым,
Дагы эле сиз жөнүндө.
Сүйлөмгө бүт сезимди төккүм келип.
Сүйүү эгер деңиз болсо,
Түбүнө чөккүм келип.
Ыраактан туруп алып,
Ырлардан өпкүм келип…» Бул строфа “Мен бүгүн ыр баштадым, дагы эле сиз жөнүндө” деген рефрен-аныктама менен башталат. Бул ыкма каармандын ички дүйнөсүндө калыптанып калган түбөлүктүү теманы билдирет. “Сүйүү эгер деңиз болсо, түбүнө чөккүм келип” мында сүйүүнүн чексиздиги, ага аң-сезимдүү түрдө баш оту менен кирүүгө болгон каалоосу сүрөттөлөт. “Ыраактан туруп алып, ырлардан өпкүм келип…” деген сап лирикалык каармандын сүйүктүүсүнө физикалык жактан жакын боло албаса да, өзүнүн ыры аркылуу ага руханий жактан жетип, өөп жаткандагы платоникалык эң таза, тунук сүйүүнүн образын ачып берген.
2-строфа
“Мен бүгүн ыр баштадым
Дагы эле сиз жөнүндө.
Махабат улуу отун өчүрбөй жагыш үчүн,
Кагылып карааныңа,
Кайрадан ышкың болуп жаныш үчүн…” Экинчи строфада поэтикалык энергия жогорулайт. Бул жерде сүйүү жөн гана кыял эмес, жандуу “улуу от” катары каралат. “Кагылып карааныңа, кайрадан ышкың болуп жаныш үчүн…” автор “кагылып” деген сөздү колдонуу менен лирикалык каармандын сүйүктүү адамынын караанына болгон берилгендигин, кумарлануусун жана өзүн ошол отко күйгүзүүгө даяр экенин билдирет. Сүйүүнү убакыттын өтүшү менен өчүрүп албай, аны поэзия аркылуу дайыма тутантып, алоолонтуп туруу лирикалык каармандын башкы миссиясы экенин көрсөтөт.
3-строфа
«Мен бүгүн ыр баштадым.
Дагы эле сиз жөнүндө…
Керемет сүйүү баян жазайын деп,
Карегиң карегиме, Сиңирип карайын деп.
Калтырып кылымдарга,
Бир ырды жазайын деп…” Бул строфа ырдын эң жогорку философиялык жана көркөм чыңалышы, кульминациясы. “Карегиң карегиме, сиңирип карайын деп…” физикалык кошулуудан да жогору турган, эки адамдын көз карашы, дили аркылуу бири-бирине жуурулушуп кетишин сүрөттөгөн чебер деталь. “Калтырып кылымдарга бир ырды жазайын деп…” катардагы сезимди түбөлүктүү сулуулукка, искусствого айлантуу ниети. Бул сап Франческо Петрарканын же Омор Султановдун лирикасындагыдай “Сүйүү өтөт, ал эми ал жөнүндө жазылган ыр кылымдарга калат” деген идеяны чагылдырып турат.
4-строфа
Мен бүгүн ыр баштадым,
Дагы эле сиз жөнүндө.
Жашайсыз жылдар бою,
Жүрөктүн эң төрүндө.
Жарышып тамгаларым
Жазууда сиз жөнүндө, биз жөнүндө…” Финалдык строфа бардык мурунку толкундоолорду жыйынтыктап, аны каармандын туруктуу ички чындыгына айлантат. “Жарышып тамгаларым…” акындын колундагы тамгалар, ак кагаздагы сөздөр кадимкидей жанданып, ээсинен да мурда сүйүүнү сүрөттөөгө шашып жаткандай туюлат. “Сиз жөнүндө” деген жалгыз тараптуу сүйүүдөн, эң акыркы “биз жөнүндө…” деген жалпылоого өтүү бар. Бул эки каармандын сезим аркылуу бир бүтүнгө айланганын кабарлайт. Автор ар бир строфанын “Мен бүгүн ыр баштадым, Дагы эле сиз жөнүндө…” деп башташы ырда белгилүү бир ритмикалык медитацияны түзөт. Бул окурманды музыкалык кайрык сыяктуу гипноздоп, лирикалык каармандын сезиминин туруктуулугун айгинелейт.
Тексттеги “Сиз” деген кайрылуу сыпайычылыкты туюнтуп, ырдагы махабатка өзгөчө тазалыкты, сый-урматты, улуулукту тартуулап турат. Ыр салттуу уйкаштыкта эмес, лирикалык агым, ак ыр же эркин уйкаш элементтери бар, верлибр формасында жазылган. Акын кыз бул ыкма менен лирикалык каармандын ички дем алуусун, сезимдеринин калыбы жок төгүлүүсүн жогорку деңгээлде камсыз кылган. Негизинен Тахмина айымдын дээрлик бардык ырлары поэзия менен сүйүүнү бир бүтүнгө айланткан, окурманга жогорку эстетикалык ырахат тартуулаган, сезимдин тазалыгын даңазалаган заманбап кыргыз лирикасынын мыкты үлгүлөрүнөн экен. Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып Тахмина
Эсеналиевага чыгармачылык ийгилик, бактылуу, байманалуу, узак өмүр каалайбыз!
Бахпурбек Аленов
PS: Тахмина Эсеналиеванын ырларын Интернет айдыңындагы социалдык тармактардан окуй аласыздар.