Пакистанда аялды балдарынын көзүнчө зордуктагандарга өлүм жазасы берилди

23-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 17

Пакистандын Лахор шаардык соту балдарынын көзүнчө аялды зордуктаган эки эркекти өлүм жазасына өкүм кылды деп билдирди пакистандык Dawn басылмасы. Окуя 2020-жылдын сентябрь айында болгон. Теги пакистан-француз аял эки баласы менен Лахорду карай баратып, автоунаасынын бензини түгөнүп калат. Жол жээгине токтоп техникалык жардам кызматын күтүп турганда ага 30 жаш курактагы эки эркек келип, коркутуу менен жакын талаага алып барып балдарынын көзүнчө зордукташат, ага кошумча акчасын жана баалуу буюмдарын алып кетишет. Тергөө бул эркектер Карачи шаарында дагы бир кызды зордукташкандыгын аныктаган.

23-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X