Панфиловдо суу кызматы жаңыланат: райондук муниципалдык ишкана түзүлөт

26-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 158

Чүй облусунун Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын жакшыртуу максатында жаңы муниципалдык ишкана түзүлөт. Бул боюнча райондук деңгээлде координациялык кеңешме өтүп, ишкананын иштөө модели жана каржылоо механизмдери талкууланды.

Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Бекмаат Масаидов, айыл өкмөт башчылары, айыл кеңештеринин төрагалары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адистери катышты.

Адистер райондук кызмат көрсөтүүчүнүн негизги функцияларын, суу системаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөөнүн тартибин түшүндүрүштү. Мында суу объектилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде сакталат.

Талкуунун жыйынтыгында муниципалдык ишкана түзүү чечими колдоого алынып, тиешелүү документтерди даярдоо башталат. Маселе айыл кеңештеринин сессияларында каралып, айыл өкмөттөр менен жаңы ишкананын ортосунда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер этап-этабы менен түзүлөт.

Мындай райондук кызмат көрсөтүүчүлөр республика боюнча 8 райондо түзүлөт. Демилге суу секторундагы реформанын алкагында ишке ашып, калкты таза суу менен туруктуу жана сапаттуу камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын биринчи этабы Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдык калктуу конушту камтыйт. Долбоордун жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.

26-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X