Папан ГЭСинде суу өткөрүүчү тоннелдин 800 метри казылды

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81

Ош облусунун Кара-Суу районунда курулуп жаткан кубаттуулугу 30 МВт болгон Папан ГЭСинин курулушунда пландалган 1,5 чакырымдык суу өткөрүүчү тоннелдин 800 метрге жакыны казылды.

Курулуш иштери «Чакан ГЭС» ААКсы тарабынан «Кыргыз-Кытай биргелешкен гидроэнергетикалык курулуш компаниясы» ЖЧК менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Учурда станциянын имараты үчүн котлован казуу жана суу кабыл алуучу жапкычтын шахтасын куруу иштери уланууда. Ошондой эле 110 кВ чыңалуудагы электр берүү чубалгысынын таянычтарын орнотуу аяктады. Ал эми суу алуу түйүнү үчүн 10 кВ чыңалуудагы убактылуу электр менен камсыздоо системасы тармакка кошулду.Возможно, это изображение альпинизм

Папан суу сактагычында курулуп жаткан ГЭС ишке берилгенден кийин жыл сайын кошумча электр энергиясын өндүрүп, Кыргызстандын энергетикалык системасынын генерациялык кубаттуулугун арттырууга салым кошот.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X