Парламент сел жана суу каптоо тобокелдиктерин азайтууга багытталган мыйзамды колдоду
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Документ боюнча баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев мыйзам долбоору калктуу конуштарда, анын ичинде шаарларда дренаждык системалардын курулмаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталганын билдирди. Анын айтымында, демилге жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүн укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүүгө, ошондой эле аймактарды суу каптоо, сел, ташкын жана башка кооптуу табигый кубулуштардан келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин алдын алууга жана азайтууга көмөктөшөт.
Мыйзам долбоорун талкуулоо маалында депутат Кубанычбек Самаков сунушталып жаткан ченемдерди ишке ашыруу механизмдерин тактап, сел жана башка табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштеринин натыйжалуулугун арттыруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, шаарлардагы дренаждык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Өз кезегинде депутат Эльвира Сурабалдиева өрткө каршы кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселесин көтөрүп, бийик көп кабаттуу үйлөрдө чыккан өрттөрдү өчүрүү үчүн атайын автотепкичтерди жана башка заманбап жабдууларды сатып алуу зарылдыгын айтты.
Ошондой эле депутат Бурул Аманова нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жолдорду суу каптоо көйгөйү курч бойдон калып жатканын белгилеп, тиешелүү чараларды күчөтүүгө чакырды. Депутат Уланбек Жаанбаев болсо өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу маселелерине токтолду.
Мындан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун токтотуп туруу тууралуу мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык, крематорийлердин ишин жөнгө салуучу ченемдерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук, укуктук жана инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында аталган мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуп туруу сунушталууда.