Парламент төрагасы каттын жүрүшү жана саясий басым тууралуу комментарий берди
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев 75 адамга байланыштуу кат боюнча уланып жаткан соттук процесстер тууралуу маалымат берип, буга чейинки окуялар боюнча түшүндүрмө жасады.
Ал жаңы төрага болуп шайлангандан кийин бул маселе парламент ичинде кеңири талкууланып, атайын комиссия түзүлгөнүн, иликтөө иштерине юристтер жана аппарат кызматкерлери тартылганын белгиледи. Анын айтымында, жыйынтыгында материалдар тергөөгө өткөрүлүп, иш сотко жөнөтүлгөн.
Маматалиев каттын жүрүшү жана каттоо тартиби боюнча да түшүндүрүп, документтин ар кандай баскычтардан өткөнүн, айрым учурда ал комитеттерге чейин жеткирилгенин айтты. Ошондой эле мурдагы жетекчилик учурундагы айрым аракеттер боюнча да сөз кылып, кат белгилүү бир жол-жоболор менен жылдырылганын белгиледи.
Ал соттук териштирүүдө күбөлөр көрсөтмө берип жатканын, бирок айрымдары кооптонуу сезимин билдирип жатканын кошумчалады.
Мамлекеттик деңгээлдеги саясий жагдайларга токтолгон төрага бул окуя коомдук-саясий туруксуздукка алып келиши мүмкүн болгонун айтып, парламенттеги аракеттерди ошол контекстте баалады.
Сөзүнүн аягында ал коомчулукта ар кандай божомолдор айтылганын белгилеп, бирок акыркы чечимди сот кабыл аларын баса белгиледи.