Парламентте кандай маселелер көтөрүлдү?

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65

Бүгүн, 25-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай маселелер» саатында депутаттар өлкөдөгү бир катар социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Нуржамал Торобекова кош бойлуу аялдарга берилүүчү бир жолку жөлөк пул бардык категориядагы аялдарга тең берилиши керектигин айтты. Анын айтымында, учурда мындай жардам расмий иштегендерге, жеке ишкерлерге жана үлүш жери бар аялдарга гана берилүүдө.

Жылдыз Курманалиева бал продукциясын экспорттоого байланыштуу Россия Федерациясы киргизген карантиндик чектөөлөрдү алуу боюнча Министрлер кабинетин тиешелүү чара көрүүгө чакырды.

Чынгыз Ажибаев Лейлек районунун Раззаков шаарындагы №48 кесиптик лицейдин жатаканасы эскирип, авариялык абалда экенин айтып, 100 орундуу жаңы имарат куруу өтүнүчүн көтөрдү.

Советбек Рустамбек уулу Ноокат районунда ачылган 11 муниципалдык бала бакчанын 164 кызматкери январь айы үчүн маянасын ала электигин билдирип, маселени тез арада чечүүнү суранды.

Дастанбек Жумабеков Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында таза суу жана саркынды суу системасын жаңылоо ийгиликтүү жүрүп жатканын айтып, мындай долбоорлорду Бакай-Ата жана Манас райондорунда да ишке ашырууну сунуштады.

Гүлнара Акимбаева Сузак районунда жолду кеңейтүү үчүн тургундарга турак жайларын эки күн ичинде бузуу талабы коюлганын айтып, жарандардын укугун коргоону талап кылды.

Чолпон Эсенаманова Панфилов районундагы Чорголу айылындагы мектепке спорт зал, актовый зал жана ашкана керектигин белгиледи.

Эркеайым Сейтказиева Ивановка айылында жаңы мектеп куруу зарылдыгын көтөрдү. Анын айтымында, азыркы мектеп 1927-жылы салынган жана 150 орунга гана ылайыкталган, ал эми айыл калкы 26 миңден ашат.

Камила Талиева Тажикстандын Жийделик айылынан Лейлек районуна көчүп келген этникалык кыргыздардын кайрылуусун айтып, алардын жакындары коюлган мүрзөгө кирип-чыгууга уруксат берүү маселесин кароону сунуштады.

25-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X