Парламентте кыргыз-тажик жаңжалынан жабыркаган баткендикердин үйлөрүн куруу иштерин тездетүүнү талап кылышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова ушул жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын үйлөрүн куруу иштерин тездетүүнү парламентин жыйынында тиешелүү органдардан талап кылды.

«Өкмөт Баткендеги үйлөрдүн куруу иштери октябрь айында бүткөрүлөт деп айтып жатышат. Бирок, аз күндөн кийин күн сууктап баштайт. Андыктан суук түшүп кеткенге чейин үйлөрдү куруп бүтүп, жергиликтүү тургундарды керектүү эмеректер менен камсыздап, муктаждыктарын чечүү керек», — деди эл өкүлү Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Абытовго.

Депутат мындан тышкары Баткен облусундагы Кыштуут айылындагы мектеп тууралуу дагы токтолду.

«Бийликтегилер Баткенге мектептердин же башка объектилердин ачылышына гана барышат. Бирок, мен аларга авариялык абалда турган башка объектилерди дагы карап өтүүсүн сунуштайт элем. Мисалы, Кыштуут айылынын мектеби МЧС тарабынан узак убакыттан бери авариялык абалда тургандыгы айтылып келет. Балдарды ал мектепте окутуунун өзү кооптуу. Ошол мектепке көңүл бурууңуздарды өтүнөт элем, тиешелүү органдарга тапшырма берип, жакынкы аралыкта бул көйгөйдү тезинен чечүү керек»,- деди Карамат Орозова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X