ПЧР тесттердин жасалма сертификаттары текшерилет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында көрсөтүлгөн ПЧР тесттеринин жасалма сертификаттарын берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.
Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү тапшырды. Буга кошумча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мыйзам бузуу фактыларын изилдөөгө жана жеке менчик лабораториялардын ишин кароого бир жума убакыт берди.