Пекин миллиардерлердин дүйнөлүк борбору

28-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 23

21 миллион калк жашаган Пекин биринчи жолу миллиардерлердин дүйнөлүк борбору болуп калды. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча миллиардерлердин саны Пекинде 100гө жетти, Нью-Йоркто (8,4 млн) 99 болду деп айтылат Forbes журналынын маалыматтарында. Бир жылдан ичинде Пекинде 33 жаңы миллиардер, ал эми Нью-Йоркто 7 гана миллиардер пайда болгон.

Пекиндин эң бай адамы Чжен Иминдин байлыгы 35,6 млрд долларга бааланууда – ал Tik Tokко ээлик кылган ByteDance компаниясынын кожоюну, ал эми Нью-Йорктун эң байы Майкл Блумбергдин байлыгы – 59 млрд долларга барабар.

28-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X