"Эркин-Тоо"

Пензага жакын трассадагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Пензага (Орусия) жакын жерде трассада болгон кырсыкта эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-февралда болгон, эки кыргызстандык каза болуп, Орусиянын бир жараны оор жаракат алган.

«Азыркы учурда каза болгон мекендештердин сөөктөрү Кыргызстанга жеткирилген. Ал эми жаракат алган Орусиянын жараны ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө дарыланууда», — деп айтылат маалыматта.