Песков Путинге караганда көп киреше табат

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 10

РФ Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2020-жылы 12,5 миллион рубль киреше тапса, президент Владимир Путиндин жыл ичиндеги кирешеси 9 миллион 994 миң рублди гана түзгөн. Анын себебин Песков банктарга аманатка сактаган жана компаниялардын башкаруусуна берген каражаттарынын пайыздары менен түшүндүрүүдө деп билдирди ТАСС агенттиги.

“Бир эле басма сөз катчы эмес, президенттен көп киреше тапкандар жетиштүү деп билдирди кечээ, шаршембиде “Комсомольская правда” радиосуна интервью берген Кремлдин өкүлү.

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X